«Чоңойгондо апамдын атынан кафе ачкым келет» дейт тамак сатып иштеген 12 жаштагы бала

SUPERTV’нын бул жолку каарманы тамак ташып, интернетте видеосу тараган 12 жаштагы Данияр аттуу бала. Данияр 7 бир тууган. Ал атасынын ден соолугуна байланыштуу батирде жашаган үй-бүлөсүнө кам көрүп, апасы жасаган тамак-ашты базарларга, соода борборлоруна алып барып, сатып келет. Жаш болсо да үй-бүлө түйшүгүн колго алган Данияр болочокто тамактануучу жай ачкысы келерин айтат.

«Мен чоңойгондо жол кароочулардын чоңу болгум келет. Эгер окуп, ийгиликке жетсем, апамдын атынан кафе ачкым келет. Негизи апамдын чын аты Гүлмира, бирок Элнура деп айтабыз. Мен тамакты аба ырайына карабай сата берем. Апамды сүйүнткүм келет. Мага тамактарды жайында саткан ыңгайлуу. Анткени, ашлян-фуну бат эле сатып алышат», — деди ал.