Чуңкурчактагы жомоктогудай кыш (фото, видео)

14-октябрдагы Чуңкурчак өрөөнүнүн көрүнүшүн сүрөтчү Николай Ачкасов соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 13-15-октябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөрүн, тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экендигин айтышкан.

Чуңкурчак өрөөнү — Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан. Ал Аламүдүн жана Ала-Арча капчыгайларынын аралыгындагы кооз өрөөн.