Чуңкурчактагы ат чабышта 2 күлүк өлгөнү кабарланды

Чуңкурчактагы ат чабышта 77-номурдагы күлүк өлдү.  Күлүк марага 150 метр калганда өлгөн болбосо, чабышта экинчи орунду ээлемек.

Ошондой эле Чуңкурчак капчыгайында марага келе жаткан жолдо дагы бир жылкы өлгөнү маалымдалды.

Бүгүн, 31-августта Чуңкурчакта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө.