Чуңкурчактагы салтанаттан кийин 7 тонна таштанды чыгарылды

1-сентябрда Байтик баатырдын 200 жылдыгына жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чарадан кийин Чуңкурчак жайлоосунда ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Натыйжада 7 тоннага жакын таштанды чыгарылган. Аймакты тазалоого 1 сугат, 2 таштанды ташуучу унаа тартылган. Жалпысынан 60 адам нөөмөттө турган.