“Чычкан” постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

Аба ырайы кескин өзгөрүп, Бишкек-Талас жана Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаап, бороон чапкын болууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Ошого байланыштуу жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымындагы «Чычкан» постунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына кечээ, 27-апрелде саат 21:00дөн тартып, убактылуу чектөөлөр киргизилди. Азыркы учурда 15тен ашуун оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат.