«Чыгып кетип жатышат, тажап да калдык». Ташиев коррупция боюнча катаал мыйзамдар каралып жатканын айтты

«Коррупция менен күрөштүн аягына чыга албай жатабыз». Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Биз керек болсо, өзүбүздүн арабызды тазалап бүтө албай жатабыз. 3 жылдан бери ушул менен алекпиз. Ооба, кайсы бир деңгээлде азайды, бирок түгөнгөн жок. Азыркыга чейин токтото алган жокпуз. Биз кармап, камай беребиз, алар кайра чыгып кетет. Ушинтип бир жагынан тажап да калдык. Биз мыйзамдарды өзгөртүү менен катаал чара көрүшүбүз керек. УКМК тарабынан мыйзамдарга өзгөртүүлөр даярдалды, каралып жатат.

Бүгүнкү күнү коррупцияга шектүүнү кармап, камакка алабыз. Бирок алар кылган ишин мойнуна алышат. Тергөө менен кызматташууга барышат. Документ сотко өтөт. Сот айып пул менен бошотуп коюп жатышат. Ал кайра 1-2 жылдан кийин кызматка кайтып жатат. Биздин иштин жыйынтыгы чыкпай калып жатат. Эми коррупционерлер түрмөгө отурат, ал эми жакын туугандары мамлекеттик кызматтарга алынбайт», — деди ал.