Чүй облусунда жер титиреди

Кечээ, 18-июлда болжол менен саат 17:45 чамасында Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмологиялык институтунан билдиришти.

Анын күчү Кемин районунун Ильичевская, Боролдой, Кичи-Кемин айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.