Чүй ооруканасы №2 Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болот

Бишкекте дагы бир тез жардам ооруканасы түзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

5-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириккен ооруканасында болуп, анда жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында оорукананы кайра уюштуруу маселеси эмгек жамааты менен талкууланды.

Министр белгилегендей, калкты тейлөө чөйрөсү жана тез медициналык жардам алгандардын саны жыл сайын өсүп жатат. Ушуга байланыштуу, жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында министрлик Чүй ооруканасынын статусун “Облустук” статусунан “№2 Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына” өзгөртүү чечимин кабыл алды.