Чүй проспектисин 15-июлдан тарта жабуу пландалууда

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо үчүн эки көчө жабылды. Бул И.Ахунбаев көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен А.Малдыбаев көчөсүнө чейин жана Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн О.Медеров көчөсүнө чейин. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Жолдордун жабылышынан улам унаа тыгындарын болтурбоо максатында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 15-июлдан тартып (1-этап) оңдоо иштерин баштоо чечими кабыл алынды.