Чүйдө 1 жумадан бери 15 жаштагы Элиза дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 2009-жылы туулган Изагалиева Элиза дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга анын жакындары кайрылышкан. Кыз 27-августта болжол менен саат 15:00 чамасында Канттагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын айтышткан.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 616907, 03132 52147, 0709 502955, 0505 768876 номурларына чалсаңар болот.