Чүйдө 11 жаштагы Абдурашит Кошоев 2 жумадан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 2011-жылы туулган Кошоев Абдурашит Назирбекович дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 25-октябрда Петропавловка айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 145-150 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, оң кашында тырыгы бар, көздөрү күрөң. Үстүндө кара көк түстөгү спорттук шамалдан коргоочу кийим, кара спорттук шым кийип жүргөн.

Сүрөттөгү жаранды билгендер болсо, 03133 3-51-84, 0312 221558, 0990 22-27-07 номурлары менен байланышсаңыздар болот.