Чүйдөгү балдар үйүнүн 14 жаштагы тарбиялануучусу изделип жатат

14 жаштагы Вадим Колесник изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Дайынсыз болуп жаткан Колесник Вадим Александрович 31-март күнү Военно-Антоновкада жайгашкан балдар үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Милициянын маалыматына караганда, өспүрүм буга чейин бир нече жолу балдар үйүнөн качкан. Акыркы ирет ал 2020-жылдын декабрь айында табылып балдар үйүнүн өкүлдөрүнө өткөрүп берилген болчу. Өспүрүм Бишкекте кайырчылык кылып жүрөт деген маалыматтар бар.

Өзгөчө белгилери: бою 145 сантиметр, арыкчырай, чачы, көзү кара. Өспүрүмдү көргөн-билгендер болсо төмөнкү номурлар аркылуу кабарласа болот:

Байланыш номурлары: (0312) 43-01-27,(0312) 43-88-85; (0312) 60-75-67; 0558 86 14 86,0701 80 18 03.