Чүйдө 14 жаштагы кыз 6 күндөн бери табылбай жатат

Чүйдө 14 жаштагы Абдрасулова Улугай Медетбековна изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 5-октябрда Аламүдүн районундагы Ак-Жар жаңы конушундагы үйдөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 155 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара жана узун.

Кийген кийими: башында жоолугу бар, ак түстөгү водолазка, кара түстөгү жынсы, «найк» спорттук бут кийим.

Сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо: 0312 36-35-27 0504-77-22-77, 0550-34-33-63 номурларына чалсаңар болот.