Чүйдө бир тууган кыздар изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-сентябрда Кемин РИИБге 1986-жылы туулган жаран кайрылып, 2007-жылы туулган Алтынай жана 2013-жылы туулган Айсулуу аттуу кыздары дайынсыз болуп жатканын айткан.
Кыздар 31-августта саат 07:40 чамасында Кеминдеги Кароол-Дөбө айылындагы үйүнөн чыгып кетишкен бойдон кайтып барышкан эмес.
Алтынайдын бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы узун жана кара. Кара футболка, жынсы костюм, кара шым, кара спорттук бут кийим кийип жүргөн.
Айсулуунун бою 125-130 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы узун жана кара. Ак рубашка, жынсы костюм, кызгылт шым, кара спорттук бут кийим кийип кеткен.