Чүйдө 16 жаштагы Акбермет Жорокулова 1 айдан бери дайынсыз болуп жатат

Чүй облусунда 2006-жылы туулган Акбермет Жорокулова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-февралда милицияга анын жакындары кайрылып, ошол эле күнү Кара-Балтадагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбеген кызды таап берүүнү суранган.

Сүрөттөгү жаранды көргөн же билгендер болсо, (03133) 3-51-84, 0312 22-15-58, 0701 20-31-02 номурларына чалсаңар болот.