Чүйдө 18 жаштагы Арсен Казаков изделип жатат

Милиция тарабынан 2003-жылы туулган Казаков Арсен Сабырбекович изделип жатат. Бул тууралуу Чү ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, жигит үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Токмок шаарындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

Белилери: бою 180 см, чачы күрөң, узун артка байланган. көзү күрөң, кашы кара.

Кийген кийими: ак түстөгү футболка, күрөң шым, спорттук бут кийим.

Жигитти көргөндөр болсо, (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-73-63, (03138) 6-31-02, 0501 90 00 65, 0551 102 753 номурларына кайрылыңыздар.