Чүйдө 19 жаштагы Жанарбек кызы Асел дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 2005-жылы туулган Жанарбек кызы Асел дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 15-февралда саат 01:30 чамасында Кант шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.

Кимде-ким сүрөттөгү кызды көрсө, 0312 61-69-07, 03132 5-21-47, 0700 06-78-63, 0709 50-29-55 номурларына чалса болот.