Чүйдө 20 гектар жерди ээлеген “Көчмөн Сити” турак жай комплексинин курулушу башталды

Чүйдүн Күн-Туу айылында 20 гектар жерди ээлеген “Көчмөн Сити” турак жай комплексинин курулушу башталды. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев комплекстин курулушуна мезгил кутусун салды.

Эми андагы батирлер мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезекте тургандарга жана Күн-Туу айыл аймагынын тургундарына бериле баштайт. 20 гектар жерди ээлеген комплексте 86 көп кабаттуу үй, 3 мектеп, 4 бала бакча, 3 унаа токтотуучу жай жана эс алуу зоналары салынат. Үйлөрдүн 27си 24 кабаттуу, калганы 20 кабаттуу болот. Курулуш иштери эки этап менен жүрүп, биринчи этабында 3105 батир берилмекчи.