Чүйдө 23 жаштагы кыз 1 айдан бери дайынсыз болуп, изделип жатат

Чүйдө 2000-жылы туулган Абдыкалык кызы Азиза дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 31-октябрда кыздын жакындары кайрылып, анын 29-октябрда саат 22:00 чамасында үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдиришкен.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (3134) 5-33-80; 0 (312) 60-75-67; 0 (708) 41-35-86; 0 (703) 12-22-21 номурларына чалсаңар болот.