Чүйдө 26 жаштагы жаран 2 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 1996-жылы туулган Усубалиев Амангелди Муратович изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Чүй ОИИБден билдиришти.

Ал 20-апрелде Токмоктогу үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 175-180 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү кара, чачы кыска. Күрөң кепка, кара куртка, кара свитер кийип жүргөн.

Кимде-ким жаранды көргөн болсо, (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-73-63, (03138) 6-31-02, 701 15 35 12 номурларына чалсаңыздар болот.