Чүйдө 1996-жылы туулган Алмазбек уулу Махаммад дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Ал 25-сентябрда Ново-Павловка айылындагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат. Сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 (3134) 5-33-80; 0 (312) 60-75-67, 0558 86-14-86 0708 86-14-86 номурларына чалсаңыздар болот.