Чүйдө 29 жаштагы келин 4 эмди жарыкка алып келди

Чүй облустук төрөтканада 4 эм төрөлдү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн тастыкташты.

Маалымакта караганда, 29 жаштагы келин 3 кыз, 1 уулду бүгүн, 10-февралда жарыкка алып келген. «4 эм Чүйдөгү төрөтканада төрөлдү. Келин Бишкектин тургуну», — дешти.

Учурда келин дарыгерлердин көзөмөлүндө.