Чүйдө 3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 4 жаштагы кыз табылды

Дайынсыз болуп жаткан 4 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-августта Жайыл РИИБге жаран кайрылып, 2019-жылы туулган жээни 17-августтан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери жүрүп баштаган.

21-августта издөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жана Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан балдарды реабилитациялоо борборлорунун биринен 2019-жылы туулган кыз табылган.