Чүйдө 35 жаштагы эне 8 баланы жалгыз тарбиялап жатат (сүрөттөр)

Айжан Бакалова 1988-жылы Ысык-Ата районундагы Эпкин айылында төрөлүп өскөн. Учурда 35 жашта. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине келиндин 8 баланы жалгыз тарбиялап жатканы маалым болду. Ал жолдошуна боору ооруп, алимент чегертпей койгон.

«16 жашымда турмушка чыгып, эң улуу кызымды 17 жашымда төрөдүм. 3 кыз, 5 уулум бар. Туруктуу иштеген жерим жок. Бишкекке барып, үй жыйнап акча табам. Кээде жумуш бир жумада 3 жолу, кээде 4 жолу же 1 эле жолу болуп калат. Балдарымдын атасы менен 16 жыл менен чогуу жашап, ажыраштык. Көптү төрөгөн аял өзүнө кам көрө албай, бала менен эле болуп калат экенсиң. Үйдөгү эле оокат. Бала багып отурган аял менен иштеген аялдын айырмасы болот экен. Биздин эки жолго түшкөнүбүзгө ошол себеп болду. Ажырашканыбызга 2 жыл болуп калды. Жолдошум 3-топтогу майып. Расмий түрдө ишке жарайт дешкени менен укпаса, сүйлөй албаса, эч ким жумушка албайт экен. Ошол себептүү алимент алган жокмун. Өкмөттөн 6 миң сом алат. Балдарга күнүмдүк жей турган нерселерди алып берет. Ал акча өзүнө араң жетет, ошол үчүн алган эмесмин. Ар бир баланын өз ырыскысы бар. Тапканым ичип-жегенге, батирге жетет. Айына 6 миң сом төлөп, 9-кабатта турабыз. 9 бала менен лифт жок үйдөн чыкканды элестетип көрсөңөр. Шарт да жок. Өкмөт үй алууга жардам берсе дейм», — деген келин башка эч нерсе керек эместигин айтты.

Байланыш номур: 0500222982