Чүйдө 36 жаштагы Гүлмира Кадырова 4 айдан бери дайынсыз болуп жатат

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1985-жылы туулган Кадырова Гүлмира Кенжеевна изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал ушул жылдын 15-майында Сокулук айылындагы үйүнөн чыгып кетип, кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 168 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң.

Кийген кийими: жайкы кийимчен, башында жоолугу бар.

Милиция Гүлмира Кадырова тууралуу маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0 (312) 60-75-67, 0 (558) 86-14-86, 0 ​​(709) 35-35-29 (издөө тобу).