Чүйдө 36 жаштагы Камчыбек Сеитов 8 жылдан бери дайынсыз болууда

Чүйдө 36 жаштагы Сеитов Камчыбек Сатарбекович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 2013-жылдын 27-июлунда болжол менен саат 22:30 чамасында Аламүдүндөгү «Милиция шаарчасы» жаңы конушунда болгон. Ошондон бери дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачтары кара жана кыска, жүзүндө жана мойнунда калдары бар.

Кийинген кийими: боз түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы, бутунда кара түстөгү сланцы.

Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, 0(700) 92-00-52, 0(990) 09-11-02 номурларына кайрылсаңыздар болот.