Чүйдө 3,7 гектардагы кара куурай жок кылынды

Аламүдүн районунун аймагында 2-августунан 8-августка чейин “Кара куурай” аталышындагы рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте баңгизатын камтыган жапайы кара куурайларды жок кылуу боюнча иштери жүргүзгөн. Андан сырткары айыл жашоочуларына түшүндүрүү иштери да жүргүзүлгөн.

Гроздь, Мраморное, Лебединовка, Васильевка, Пригородное, Ленинское айыл аймактарында кара куурай өсүмдүктөрүн жок кылуу боюнча 70ден ашык адамдан турган 7 топ түзүлүп, ага Аламүдүн РИИБден 60дан ашуун кызматкерлер тартылган. Жалпысынан район боюнча 3,7 гектар аймактагы 5190 килограммдай жапайы өскөн кара куурай чабылып жок кылынган.