Чүйдө 54 жаштагы киши курулуп жаткан 2 кабаттуу үйдүн чатырынан кулап түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 23-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Учкун 2 жаңы конушунун жанында курулуп жаткан 2 кабаттуу үйүдүн чатырынан 1968-жылы туулган эркек киши кулап түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан соң туугандары тарабынан ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтарга караганда абалы канааттандыраарлык.