Чүйдө 59 жаштагы Талант Мырзаев изделип жатат

Аламүдүн ОИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон Мырзаев Талант Жамбулович изделип жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1962-жылы туулган Талант Мырзаев 21-февраль күнү Көк-Жар айылындагы Тынчтык көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көздөрү күрөң, чачтары ак баскан. Үстүнө кийген кийими, шымы боз түстө.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, милиция кызматкерлери төмөнкү номурлар менен байланышууну суранат.

Телефон номурлар: 0(312) 36-35-27,  0(504) 77-22-77, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08.