Чүйдө Адинай Самудинова мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат

2-апрель күнү милицияга 1975-жылы туулган жаран кайрылып, 2008-жылы туулган Адинай Самудинова аттуу кызы мектепке кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирип, арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Бүгүнкү күндө Чүй облустук ички иштер органдары тарабынан 2008-жылы туулган Адинай Самудинованы издөө иштери жүргүзүлүүдө.