Чүйдө Ахмед Жантаев октябрь айынан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө Ахмед Жантаев дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

28-октябрда Ысык-Ата РИИБге 1959-жылы туулган жарандын жакындары кайрылып, ушул жылдын 26-октябрында Канттагы үйүнөн чыгып кеткен Ахмед Жантаев кайрылып барбаганын билдиришкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандын эс-тутум жоготуу менен жабыркары маалым болгон. 

Ким-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0505 768876, 0312 61-69-07 номурларына чалсаңар болот.