Чүйдө айдоочу менен жол тескөөчүнүн жоругу талкууга түштү. Милиция эмне дейт?

Социалдык тармактарда жол тескөөчү менен айдоочунун урушуп жаткан видеосу тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан маалымат беришти.

«Бул окуя 31-май күнү Панфилов районунда тартылган. ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан аныкталган айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн 22 миң сом айып пулун төлөбөй жүргөндүгү үчүн убактылуу айып коросуна унаасын токтотуп жаткан жеринде тартылган видео. Ал эми кызматкердин сөгүнүп жатканы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат», — дешти.