Чүйдө Айжамал Анаркул кызы 1 айдан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө Айжамал Анаркул кызы дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-апрелде Жайыл РИИБге жаран кайрылып, кызы 1990-жылы туулган Айжамал Анаркул кызы 19-апрелде болжол менен саат 10:00 чамасында Кара-Балтадагы мейманканадан чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 (701) 20-31-02, 0 (999) 26-02-01 номурларына чалсаңар болот.