Чүйдө Айсезим Арзыматова 26-апрелден бери дайынсыз болуп жатат

Сокулук районунда дайынсыз болуп жаткан Арзыматова Айсезим Данияровна изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга кыздын жакындары кайрылып, 2010-жылы туулган Айсезимдин 26-апрелде Новопавловка айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдиришкен.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 03134 5-33-80, 0558 86-14-86 номурларына чалсаңар болот.