Чүйдө айылдын четине өлгөн балыктарды таштаган киши табылып, кечирим сурады

Эки күн мурун Чүй районуна караштуу Кегети айылынын четине өлгөн балыктардын таштандысын кимдир-бирөө төгүп кеткени боюнча маалымат тараган. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Тиешелүү органдардын аракети менен ошол эле Кегети айыл өкмөтүнүн тургуну табылып, жасаган иши туурасында түшүндүрмө берип, айылдаштарынан кечирим сурады.