Чүйдө 17 жаштагы Анель Талайбекова дайынсыз болуп жатат

Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-октябрь күнү Аламүдүн РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 2007-жылы туулган Анель Талайбекова аттуу кызы 30-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барбаганын билдирген.

Белгилери: бою 170-174 сантиметр, чачы күрөң түстө ийнине чейин, көзү күрөң, мурду кырдач.

Кийген кийими: Ак толстовка, үстүндө кара жилет, кара шым жана кара ак түстөгү спорт бут кийими.

Урматтуу жарандар, Анель Талайбекованы көргөн-билгендер болсо 0312 363527 (нөөмөт бөлүмү) же 102 телефон номуруна билдирсеңиздер болот.