Чүйдө Ата Мекендик согуштун эң улуу ардагерине үй белек кылышты (видео)

Чүй облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун эң улуу ардагери, 100 жаштагы Кошкоро Жаманкуловго мамлекеттен белек — Кара-Балта шаарынан батир тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

30-декабрда президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев ага үйүнүн ачкычын тапшырган. Ачкычты тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев, Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев, Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейиткулов жана башкалар катышты. Райондун акими ага ардактуу атуул наамы ыйгарылганын билдирди.

1924-жылы туулган Кошкоро Жаманкулов учурда кичүү уулу, келини жана неберелери менен Суусамырда, Кайсар айылында жашайт. Аксакалдын үй-бүлөсү чоң – жети баласы, 31 небереси жана 58 чөбөрөсү бар.