Сокулук РИИБ дайынсыз болуп жаткан жаранды издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Ушул жылдын 10-январында жаран милицияга кайрылып, анын агасын Конушбаев Бактыбек Сардарбековичти таап берүүнү суранган. Ал 1962-жылы туулган жана 2021-жылдын июнь айында Күн-Туу айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 172-177 сантиметр, чачын ак баскан, арык, көздөрү күрөң.
Кийген кийими: ак футболка, ак шым, кара туфли.
Өзгөчө белгилери: оң буту тизеден ылдый жок.
Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0558 86-14-86, 0554507888 номурларына чалсаңар болот.