Бүгүн, 22-декабрь күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Төрт-Көл айылындагы бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:38де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2 бөлүм, 09:30да Сокулук райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган.
Окуя болгон жерден жалпы 30 адам эвакуацияланган. Тилсиз жоо саат 09:53тө чектөөгө алынды, өрттүн аянты болжол менен 550 чарчы метрди түзөт. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда.












