Чүй облусунда үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 1976-жылы туулган аял арыз менен кайрылып, өзүнүн 1992-жылы туулган уулуна чара көрүүнү суранган. Ал арызында октябрь айында баласы Токмок шаарындагы үйүндө мас абалында болуп, одоно сөздөрдү айтып, анын денесине жаракаттарын келтирип, анын сол колун сындырганын билдирген.
Бул факты боюнча 177-берене (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча кылмыш иши козголуп, 1992-жылы туулган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






