Чүйдө балык уулоого кеткен 71 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Бүгүн, 31-майда Ысык-Ата районунда көлмөгө 1952-жылы туулган эркек киши балык уулоого чыгып, чөгүп кеткен.

Жерине Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 4 куткаруучу, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, аталган жарандын сөөгүн суудан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.