Чүйдө бекилип калган батирден аялдын жансыз денеси табылды

Жайыл районундагы батирден 69 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруучулар Кара-Балта шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан батирдин бекилип калган эшигин ачышкан. Ичинен 1954-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине 3 куткаруучу тартылган.