Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы кызды ит тапты

Кызматтык иттин жардамы менен Аламүдүндө жоголгон кыз табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Тескөөчү-кинолог Эрмек Жумамүдүнов “Ора” аттуу кызматтык ити менен бирге Аламүдүн районунда жоголгон 7 жаштагы кызды тапты. 26-октябрда милицияга Аламүдүн районунун Маевка айылында 7 жаштагы кыз жоголгондугу жөнүндө маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери айгай боюнча көтөрүлүп, кызды издөөгө ыкчам-тергөө тобу тартылган. Билдирүү боюнча окуя болгон жерге ИИМдин кинология борборунун тескөөчү-кинологу жыт аркылуу адамдарды издеген “Ора” аттуу кызматтык ити менен барган. Бир нече тилкени тинтиген ит кинологду жолдун жээгиндеги бадалдардын жанына алып келген. Ал жерде тоңуп, коркуп отурган кыз табылган.

Жоголгон кызды ит тапкан. Кызматтык ит кыздын кийиминдеги жыт аркылуу изине түшкөн. Табылган кыз туугандарына өткөрүп берилди.