Чүйдө дайынсыз болуп жаткан кыз табылып, ата-энесине өткөрүп берилди

Чүй облусунун Панфилов районунда дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

24-ноябрда милицияга 1992-жылы туулган жаран кайрылып, 2006-жылы туулган кыздын дайынсыз болуп жатканын айтып, таап берүүнү суранган. Кыздын Кайыңды айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы аныкталган. Издөө иштеринин натыйжасында, кыз Кайыңды шаарынан табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Милициядан кыздын буга чейин да үйүнөн качып, кызматкерлер тарабынан жакындарына өткөрүп берилгендигин билдиришти.