Чүйдө Эмилбек Ордоков изделип жатат. Ал акыркы жолу 6 жыл мурда байланышка чыккан

Чүйдө 1974-жылы туулган Ордоков Эмилбек Исабекович дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 17-октябрда Сокулук РИИБге анын жакындары кайрылышкан. Ал туугандары менен 2016-2017-жылдан бери байланышка чыккан эмес. Аталган факты каттоого алынып, аны издөө башталган.

Кимде сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат болсо, 0312607567, 0313453380, 0558861486 номурларына чалсаңар болот.