Кечээ, 21-ноябрда саат 08:30 чамасында айланма жолдон 200 чакырым алыстыкта эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маркумдун атын тактоого мүмкүн болбой жатканына байланыштуу Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, кыска.
Кийген кийими: кара куртка, көк түстөгү кофта, кара спорттук шым, бутунда маасы, көлөчү менен.
Өзгөчө белгилери: оң колу чыканактан ылдый жок.
Кимде-ким жаранды тааныса, 0312 36 35 27, 0312 36 35 23, 0550 34 33 63, 0504 77 22 77 номурлары менен байланышсаңыздар болот.