Чүйдө эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция атын тактоого жардам сурайт

Чүй облустук милициясы маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-ноябрда Ысык-Ата районунун аймагынан 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Учурда анын аты-жөнү такталбай жатат.

Белгилери: бою 183 сантиметр, 40-45 жаштар чамасында, бутунун өлчөмү 45 см.

Кийген кийими: кара спорттук шым, футболка, кара спорттук бут кийим, кара куртка.

Жаранды тааныгандар 0312 430127, 0707 365185, 0701 455594, 0776 002034, 0701 102402, 0552 102512, 0704 980808, 0554 172226 номурларына чалсаңыздар болот.