Чүйдө Гүлмира Коновалова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-июнда Сокулук РИИБге жакындары кайрылып, 2007-жылы туулган Гүлмира Коновалова 26-майда Сокулуктагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барбаганын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Анын жүрүшүндө кыздын үйдөн бир нече жолу кетип калганы аныкталган.
Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0312 607567, 03134 53380, 0558 861486 номурларына чалсаңыздар болот.