Чүйдө изделип жаткан 18 жаштагы Арсен Казаков 4 айдан кийин Бишкектен табылды

Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана Токмок ШИИБдин кызматкерлери дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Казаков Арсен Сабырбековичти тапты.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жигит Бишкек шаарынын аймагынан табылган. Профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин ал ата-энесине өткөрүлүп берилди.