Чүйдө изделип жаткан 19 жаштагы Жанарбек кызы Аселдин турмушка чыкканына 2 ай болгон

Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан Жанарбек кызы Аселди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 15-февралда саат 01:30 чамасында Кант шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын боюнан дайынсыз жоголгон кыздын курткасы, сланцысы жана уюлдук телефону табылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыздын атасы менен байланышканыбызда, учурда издөө иштери жүрүп жатканын айтты. «Турмушка чыкканына 2 ай болгон. Акыркы жолу кызым менен 14-февралда саат 21:00дө сүйлөшкөм. Курбу кыздары менен жүргөнүн айткан. Башка эч нерсе деле айткан эмес. Кайын журтунан сурасак, үйдө уруш болбогонун, жолдошу экөөнүн ортосунда бир аз келишпестик болгонун айтышты», — деди ал.